Бишкектен Сочиге аба каттамдар жанданат

Каттамдар 25-майдан тартып ар жуманын ишемби күндөрү аткарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкектен Сочиге аба каттамдар жанданарын "Манас" эл аралык аэропортунан маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, Россиянын "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы ушул жылдын 25-майынан тарта Сочи — Бишкек — Сочи багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт.
"Манас" эл аралык аэропортунан Сочи шаарына учак жумасына бир жолу, ишемби күндөрү, учат.
Москва — Ош багыты боюнча арзан каттам аткарыла баштады