БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ош мамлекеттик университетинин клиникасында дагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУга барганда айтканын мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат.
"Кыргызстанда адам органдарын алмаштыруу боюнча операцияга муктаждардын саны жыл санап өсүп келет. Буга байланыштуу өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркиянын президенти менен сүйлөшүп, бул багытта кыргыз адистерин даярдоо жана көмөк көрсөтүү макулдашылган. Буюрса, ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле клиникада бардык шарттар бар экени айтылып, жетишпеген айрым техникалык аппараттар май айында келери күтүлүп жатканы кошумчаланды.