Быйыл борбордо атайын медициналык маалымдамасы бар, ден соолугунан жабыркаган 2 500 бүтүрүүчү мамлекеттик экзаменден бошотулат. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын саны жыл өткөн сайын көбөйүп баратат.
"2017-2018-жылдары билим берүү тармагына өзгөртүүлөр киргизилип, инклюзивдүү билим берүүдө ден соолугунан жабыркаган балдар мектепке тартылсын деген мыйзам чыккан. Акыркы 10 жылда мындай балдардын саны абдан өстү. Атайын программалар иштелип, мугалимдердин баары даярдалган. Көзү көрбөгөн, кулагы укпаган балдар өзүнчө категория. Ал эми акыл-эси кем, оорусу катуу балдар үчүн атайын интернаттар бар. Бул балдарды социалдаштыруу максатындагы атайын мектептер менен интернаттар бүгүн 6 400 баланы камтыйт. Быйыл Бишкек шаарында атайын медициналык маалымдамасы бар, ден соолугунан жабыркаган 2 500 окуучу мамлекеттик экзаменден бошотулат. Алар жылдык баанын жыйынтыгы менен гана аттестат алат. Бала психикалык ооруга чалдыгып калбашы үчүн саламаттык сактоо кызматынын корутундусунун негизинде милдеттүү түрдө бошотушубуз керек. Жогоруда бүтүрүүчү класстардагы балдардын санын гана атадым. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жалпы билим берүү мекемелеринде көп. Азыр жаңы мыйзамдын негизинде мектепте тьютордук формат киргизип жатабыз. Ал форматтын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген бала сабак учурунда кыйналып калса же эшикке чыга турган болсо тьютор же насаатчы жардам берип карайт. Себеби ден соолугунан жабыркаган балдарга өз убагында жардам көрсөтүү керек. Ар бир класста 30-40 бала окуйт. Мугалимдин сабакты түшүндүрүүдөн тышкары ар бир бала менен жекече иштеп отурууга убактысы болбойт", — деди ал.
Ал азыр көп учурда балдарды ата-энелер өздөрү коштоп жүрөрүн кошумчалады.