Май айында кыргызстандыктар 11 күн эс алышат. Календарь

Жаздын акыркы айында үч майрам бар.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Май айында кыргызстандыктар 11 күн эс алышат. График министрлер кабинети бекиткен календарда көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, май айында үч майрам бар, 1-майда Эмгек күнү белгиленсе, 5-майда өлкөнүн Конституциясы кабыл алынган. Ал эми 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамдалат.
Мындан улам 1-майдан 5-майга чейин катары менен эс алуу күндөрү деп кабыл алынган. Андан кийин 9-майда эс алабыз. 2-майдын ордуна 6-май (5-май Конституция күнү жекшембиге туура келгендиктен, 6-май да эс алуу болмок), 3-майдын ордуна 11и иш күнү деп белгиленген. Мындан сырткары, беш кадимки эс алуу күндөрү бар.
Бирок алты күндүк график менен иштегендер жекшембидеги эс алууну кошпогондо 1-майда, 6-майда жана 9-майда гана эс алат.
Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата өтчү иш-чаралар тизмектелди