"Мээни куйкалагычтар". "Красуха-4С" комплексинин мүмкүнчүлүгү тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Радиоэлектрондук күрөш каражаттары боюнча Украинанын РФтин жаңы аймактарына коюлган чабуулун кайтаруудагы согушта бир топ жардам кылды. Бул туурасында Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Радиоэлектрондук күрөш каражаттары боюнча күчтөрдүн кесиптик күнүндө анын башчысы, генерал-лейтенант Юрий Ласточкин айтып берген.
Россиялык комплекстер Батыштын "акылдуу" ок-дарысынын чейрегин, дрондордун үчтөн бирин жок кылды. Бир катар аймактарда каршылаш тараптардын "мээлери куйкаланган" учурлар 100 пайызга жетти. Мында "Красуха-4С" комплекстери бир топ маанилүү роль ойноду. Алардын техникалык мүнөздөмөсү каршылаштын "акылдуу" ок-дарысын, ал тургай авиация менен тыңчы-спутниктерин жок кыла алары айтылат.
Аталган комплекстин тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү каалаган бийиктикте 300 чакырымдан ыраакта аба буталарынын бардык түрүн бөгөттөөгө мүмкүндүк берет. Радиоэлектрондук күрөштүн программалык-аппараттык каражаттары касташкан тараптын учкучсуз аппараттарын башкаруу радиоканалдарын, учак жана тик учактардын борттук электроникасын "басып", башкача айтканда, чалгындоого, мээлеп сокку урууга жол бербейт. Бийиктөөгө, абадан коргонуу каражаттары кыйрата ала турган зонага кирүүгө мажбурлайт. Андан ары зениттик эсептер иштейт.
Бул комплекстер Россиянын Куралдуу күчтөрүндө 2015-жылы ишке кирген. Аны биринчи ирет Сирияда колдонушкан. "Красуха-4" Хмеймим авиабазасына чабуул коюуга аракеттенген жихадчы согушкерлер жана батыш кураторлору учкучсуз аппараттардын үйүрүн басып, жерге кулаткан. Ошондой эле Араб Республикасына сокку урууга тырышкан америкалык "Томагавктарды" да атып түшүрүшкөн.
Россиялык курал жасаган адистер Россиянын аба мейкиндигин кайтарып тургандардын пикирин эске алып, "Красуха-С4" комплексин активдүү модернизациялайт.
Россиялык "Инвар" НАТОнун танкаларын талкалап жатат. Инфографика