Пресс-борбор

Кайсы министрликтер натыйжалуу иштеп жатат? Президенттик аппараттын баасы

Рейтинг өзгөрүп турары, бирок укук коргоо блогундагы ведомстволор тартиптүү иш алып барары белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов кайсы министрликтер өлкө жетекчилигинин чечимдерин жакшы аткарып жатканын айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агентигинин пресс-борборунда өткөн "Президенттин жана министрлер кабинетинин төрагасынын чечимдери кандай аткарылып жатат?" деген аталыштагы брифингге катышкан.
Журналист кайсы мамлекеттик органдар чечимдерди жакшы аткарып жатканын жана кимиси начар экенин сураган. Осмонов бул рейтинг улам өзгөрөрүн белгилеп, бирок укук коргоо блогундагы ведомстволор тартиптүү иш алып барганына токтолгон.
"Тапшырмаларды аткарууда "ударник" катары толук эле укук коргоо блогун белгилейм: ӨКМ, ИИМ, Юстиция министрлиги. Ошондой эле Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан чечимдер жетишерлик деңгээлде аткарылууда. Аталган мекеменин милдеттери көп болгонуна карабай иш натыйжалуу жүрүүдө", — деди Осмонов.
Ошондой эле ал өткөн жылы начар делген Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги быйыл ишин кыйла жакшыртканы белгиленди. Ал эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишинде жакшы жылыш болуп жатканы кошумчаланды.
Пресс-борбор
Былтыр 183 текшерүүдө 5 жетекчи иштен кетти. Бийликтин тапшырмаларынын аткарылышы