Жал кичи району менен Арча-Бешик конушунда эки күн суу болбойт. Карта

Муниципалитет биоажатканалар орнотуларын айтып, жайгаша турган жерлердин картасын жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Жал кичи району менен Арча-Бешик конушунда 17-18-апрель күндөрү суу болбой турганын мэрия билдирди.
Маалыматта бул күндөрү магистралдык суу түтүгүнүн 11 участогунда бурама тээктер алмаштырылары айтылат.
Өчүрүү 17-апрелге саат 8:00гө белгиленген. Мэрия жашоочулар үчүн таза суу жеткирилип, биоажатканалар орнотуларын белгилеп, картасын жарыялады.
Бишкектиктерге таштандыны кечкисин чыгаруу сунушталууда