"Бонецкий" лабораториясына 423 млн. сом айып салынды

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. "Бонецкий" лабораторияларын камтыган "Интелмед" ЖЧКсына 423 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган компания "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамын бузган.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ишкана өзгөчө кырдаал учурунда (COVID-19 пандемиясы) коронавирустук инфекцияга ПЧР-тестирлөөгө жогорку баа койгонун аныктаган.
Менчик клиникаларда томографияга тартуу баасы арзандатылды