Бишкектиктерге таштандыны кечкисин чыгаруу сунушталууда

"Тазалыктын" кызматкерлери таштандыны 19:00дөн 24:00гө чейин чыгаруу чакырыгы жазылган баштыктарды таратууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы таштандыны кечинде чыгарууну сунуштап жатат.
Мекеменин маалымат кызматы тургундарга таштандыны 19:00дөн 24:00гө чейин чыгаруу керектиги жазылган баштыктар таратылып жатканын билдирди.
"Бишкек шаарында таштанды чыгаруу процессин оптималдаштыруу жана жол кыймылына терс таасирин азайтуу максатында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды чыгаруу үчүн экобаштыктарды таратууда", — деп жазылат маалыматта.
Бул аракет жол тыгыны менен күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Бишкек мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 2,5 млн. сом айып салды