Баткенде бычактан жаракат алган 16 жаштагы кыз каза болду

Факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук–медициналык экспертиза дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Баткенде бычактан жаракат алган 16 жаштагы кыз каза болгонун Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-апрелде саат 21:05 чамасында облустук ооруканага эки жеринен бычак жеген өспүрүмдү алып келишкен. Ал жарым сааттан кийин өзүнө келбей каза болгон.
Аталган маалымат милиция тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын жагдайын аныктоо максатында тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.
Ноокенде жол кырсыктан көз жумган аялдын туугандары тергөөчүгө кол салды. Видео