БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Мамлекеттик органдардын жана аймактардын жетекчилеринин кабылдамасында камералар орнотулуп, алардын иши көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин пресс-борборунда өткөн "Президенттин жана министрлер кабинетинин төрагасынын чечимдери кандай аткарылып жатат?" деген аталыштагы брифингге катышкан.
Осмонов министрлер кабинетинин кабыл алган пландарынын аткарылуусуна жараша мамлекеттик органдардын жана аймак жетекчилеринин ишине баа берилерин белгиледи.
Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов
© Sputnik / Жантай Макенов
"Биз апталык, кварталдык, алты айлык жана жылдык отчеттор системасын киргиздик. Жумалык жыйында ар бир дүйшөмбүдө тапшырмалардын аткарылуусу боюнча отчет берилет. Иштин саны жана сапатына карап, начар иштегендери аныкталат. Мамлекеттик органдардын жана аймактардын жетекчилеринин кабылдамасына камералар орнотулуп, аларга кимдер кирип жатканы, ишке канчада келип канчада кеткени жана башка аракеттери кырдаалдык борбордон көзөмөлдөнөт", — деди Осмонов.
Ошондой эле ал президенттик аппаратка кайсы бир аймактан же тармактан көп кат келсе, бул ошол аймакта же маморганда иш жүрбөй жатканынын көрсөткүчү экенин кошумчалады. Мындан тышкары, жетекчилер жарандарды кабыл алуу графигин түзүп, ал үчүн атайын бөлмө бөлүү тапшырылганы белгиленди.
"Ал бөлмөлөргө дагы камера орнотулуп, сүйлөшүүлөр жаздырылып маалыматтык борбордон көзөмөлдөнүп турат", — деди башкармалыктын жетекчиси.
Ишин жетиштүү деңгээлде алып барбагандарга ар кандай тартиптик жоопкерчилик караларын кошумчалады.