БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Быйылкы жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандан жалпы баасы дээрлик 107,3 миллион доллар болгон 1643,5 килограмм алтын экспорттолгонун Улуттук статистика комитети билдирди.
Сатып алган өлкөлөр:
Швейцария - дээрлик 971,5 килограмм;
Гонконг (Кытай Эл Республикасынын атайын административдик району) — 672 килограмм.
Белгилей кетсек, январь айында 1143,5 килограмм сатылган. Маалыматтардан февралда болжол менен 500 килограмм сатылганын көрүүгө болот, бул көлөмдүн баары Гонконгго кеткен.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын алгачкы эки айында алтын экспорттолбой, былтыркы жыл ичинде 20,2 тоннадан ашык баалуу металл чет өлкөгө сатылган.