Пресс-борбор

Былтыр 183 текшерүүдө 5 жетекчи иштен кетти. Бийликтин тапшырмаларынын аткарылышы

Өлкө жетекчилигинин чечимдери менен тапшырмаларынын аткарылышын текшерүүлөр капыстан уюштурулары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Былтыр 183 жолу жеринен текшерүү болуп, жүздөн ашуун адам жазаланып, мамлекеттик органдын беш жетекчиси иштен алынды. Бул тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин пресс-борборунда өткөн "Президенттин жана министрлер кабинетинин төрагасынын чечимдери кандай аткарылып жатат?" деген аталыштагы брифингге катышкан.
Осмоновдун айтымында, бул текшерүүлөр тийиштүү органдар даярданып албаш үчүн плансыз жана капыстан уюштурулат.
Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов
"Өлкө жетекчилигинин чечимдери менен тапшырмаларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүлөт. Атайын система аркылуу тапшырманы аткара тургандар жана анын ишке ашырылышы көзөмөлгө алынат. Ал эми ошол тапшырма же чечимдин аткарылышынын сапатын көзөмөлгө алуу үчүн жеринен текшерүүлөр уюштурулат. Алар капысынан уюштурулат жана тандалма болуп саналат. Мисалы, 2023-жылы 183 капыстан текшерүү уюштурулуп, жүздөн ашуун адам жазаланган. Анын ичинен кырктан ашыгы аким, орун басарлары, министрликтин башчылары. Беш мамлекеттик органдын жетекчиси иштен алынган", — деди Азамат Осмонов.
Ошондой эле ал айрым текшерүүлөрдүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлгөнүн кошумчалады.
Пресс-борбор
Маморган жана аймак жетекчилери эми ар апта отчет берип, иши көзөмөлдөнөт