17-апрелге карата аба ырайы

17-апрелге караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз Чүйдүн айрым жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын жергесинин көпчүлүк аймагында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Таласта +15...+20, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +11...+16 градус жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +18...+20, Ошто +19...+21 градуска көтөрүлөт.
30 градуска чейин жетет! Апрель айына карата аба ырайы