Ырларын өрүктүн ширесинен алган акын жана журналист Курбаналы Сабыров. Эскерүү

Sputnik
Акын жана журналист Курбаналы Сабыров чыгып келе жаткан чыгаан акындардын бири болгон. 39 жылдык өмүрүндө аз жашаса да, бир катар мыкты чыгармалары менен эл оозуна илинип Жолон Мамытов, Акбар Рыскулов, Мелис Абакиров, Меңди Мамазаирова өңдүү чыгармачыл курдаштарды тапкан. Сабыровдун мыкты адамкерчилигин да замандаштары белгилешет. Ал абдан жапакеч, боорукер, өзүн сыйлаган, кичүүнү урматтап, улууну барктаган интеллигент адам болгону маалым. Сергей Есениндин чыгармачылыгын баалап, өзүн кумир туткан акындын көптөгөн котормолору бар.