Кыргызстанда аялдар, анын ичинде жаш кыздар арасында гинекологиялык оорулар күч алууда. Жатын моюнчасынын жана жумуртка безинин рак оорусуна чалдыккандар да коркунучтуу түрдө өсүүдө. Мамлекет эки жыл мурун биринчи жолу 11-14 жаштагы өспүрүм кыздар арасында папиллома вирусуна каршы эмдөөнү баштаган. Кыздарды эмдөөдөн натыйжа барбы? Кыргызстандык аялдардын арасында кандай гинекологиялык оорулар көп кездешет жана алар ооруп калбашы үчүн эмне кылышы керек?
Бул суроолордун айласында гинеколог-онколог, медицина илимдеринин кандидаты Чолпон Авасова менен маектештик.