Кыргызстанда сел, суу ташкындарын алдын алуу үчүн кандай иштер аткарылууда?

Sputnik
Казакстан мамлкетинде болуп жаткан суу ташкыны кошуна мамлекеттерди да ойлондурбай койгон жок. Мындай кырсыктардын алдын алуу жаатында тоолуу Кыргызстанда кандай иштер жүргүзүлүп тураары жалпы коомчулукту түйшөлткөн суроого айланды. Өлкөдө көл, дарыялардын ташып кетүү коркунучу жокпу? Аларга кандай иликтөө иштери жүрүп турат? Дамбалар жетиштүү деңгээлде корголгонбу? Соболдорубуз менен ӨКМдин адистерине кайрылдык.