Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина министри АКШнын өтүнүчүнө моюн толгодубу? Видео

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Украина ТИМ жетекчиси Дмитрий Кулеба анын өлкөсү АКШнын өтүнүчүн эмнеге угушу керек деген таң калуусун түз эфир учурунда билдирген.
Анын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье жарыялаган.
"АКШ Patriot системасына батарея бербей жатса, Украина эмне үчүн анын өтүнүчүн угууга милдеттүү", — деп таң калган Кулеба.
Ал Пентагондун башчысынын дүйнөлүк отун рыногундагы кырдаалды татаалдантпаш үчүн Россиянын мунайды кайра иштетүүчү өнөр жай объектилерин аткылабоо өтүнүчүнө ушундай комментарийин берген.
"Эгерде өнөктөштөр "Патриотторго" жети батарея беребиз, бирок биздин бир өтүнүчүбүз бар, аны жасабагыла" десе иш башка эле. Андай болбогон соң кеп кылуунун кереги эмне?" деп суроо салган Кулеба телемарафондун эфиринде.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ министри Киевдин Россиядагы мунай заводдоруна жасаган чабуулуна түйшөлүүдө