УКМК: чет элдик кооптуу кылмышкер аял кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары Интерпол эл аралык кылмыш полициясы тарабынан изделип жаткан чет мамлекеттин Ч.Д. аттуу жараны Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК Интерполдун Кыргызстандагы Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөн.
"Аталган чет өлкөлүк жаран өнүккөн өлкөлөрдүн аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жана чет элдик жарандарды мыйзамдаштыруу боюнча адистешкен эл аралык кылмыштуу чөйрөнүн уюштуруучусу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Колго түшкөн аял УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
БАЭден Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды