Жаз айларында табигый кырсыктардын кооптуулугу күч. Өлкө аймагында сел, суу ташкыны, жер көчкү жана башка табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча атайын иш пландар түзүлүп, жумуштар өз убагында жүргүзүлүп келет. Бул тууралуу Абдыманап Гүлжигитов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ӨКМ табигый кырсыктарды болтурбоо максатында эки багытта иш алып барат.
"ӨКМ табигый кырсыктарды алдын алуу иш-чараларын өз учурунда аткарбаса кооптуу абал жаралып калышы ыктымал. 2024-жылы атайын алдын алуу, кесепеттерди жоюу боюнча 194 объектиде жана авариялык капиталдык курулуш багытында 26 объектиде комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү мерчемделген. Изилдөө, байкоолордун жыйынтыгында Ош облусунда 61, Жалал-Абадда 35, Баткенде 55, Чүйдө 7, Нарын жергесинде 15, Таласта 6, Ысык-Көлдө 9, ал эми Ош менен Бишкек шаарларында үчтөн кооптуу делген объект тандалып алынган. Сел суулары агуучу жайлар, арык, каналдарды механикалык тазалоо, жээктерин бекемдөө иштери жасалып жатат. Кыргызстанда табигый кырсыктын ыктымалдуулугу күч аймакта 3800дөй үй-бүлө жашайт. Анын ичинен 3400ү жер көчкү, 362си сел жүрүү кооптуулугу бар аймактарда, 94 үй-бүлө таш кулоо жана башка өзгөчө кырдаал жаралчу жерлерде жайгашкан. Министрлик бул жактарда турмуш кечирүүгө болбойт деген корутунду чыгарып, тургундарга көчүп кетүү керектигин эскертип келет", — деди Гүлжигитов.
Ал бүгүнкү күндө кооптуу аймакта жашаган 2 256 үй-бүлөгө жер которуу боюнча эскертүү берилсе, анын 28и гана талапты аткарганын кошумчалады.