Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов бир айга камакка алынды

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун токтому менен Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун бөгөт чарасы тандалды.
Ага ылайык, вице-мэр бир айга, тагыраагы, 11-майга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске сласак, Максатбек Сазыкулов кечээ күнү УКМК тарабынан кармалган. Ал мыйзамсыз баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып, ишкердик субъектиге негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга айыпталууда.
Ташиев УКМК кызматкери коррупцияга айыпталып кармалганын билдирди