Кыргызстанда ири темир жол порту салынышы мүмкүн

Кыргызстандан барган делегация ири соода түйүндөрү түзүлгөн Сиань темир жол портунун жетекчилиги менен жолугушту.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кытай Кыргызстанда ири темир жол портун курууга кызыкдар экенин Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүдө Кытайга барган Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев баштаган делегация Сиань (КЭР) темир жол портунун жетекчилиги менен жолугушкан. Бул жерден Кытай — Борбордук Азия, Кытай — Россия, Кытай — Европа багытына жүктөр жөнөтүлөт.
"Өткөн жылы алар Казакстанга порт куруп беришкен. Жакында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталарын эске алып, Сиань портунун жетекчилиги Кыргызстанда да ошондой эле чоң порт курууга кызыкдарлыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Бул маселе Кыргызстан менен Кытайдын мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүндө да көтөрүлгөнү айтылды. Бул объектини өнүктүрүү бардык өлкөлөр үчүн маанилүү.
Кытайдын ТВЕА компаниясы ТЭЦтин эки блогунда оңдоо иштерин жүргүзөт