"Жетер жерине жетти". Захарова Германиядагы жыныс алмаштыруу мыйзамы тууралуу

Дипломат өспүрүм 14 жашка чыккандан кийин жынысын алмаштыруу үчүн ата-энесинин макулдугу керек болбой турганына басым жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Германиядагы жынысты жылына бир ирет алмаштырууга мүмкүнчүлүк берген жаңы мыйзам тууралуу "болгон чегине жетти" деген комментарийин берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Буга чейин Bild басылмасы Германиянын төмөнкү палатасы өткөн жумада адамдарга жынысын жылына бир ирет алмаштырууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам кабыл алган.
"Германияда баңгизаттарын мыйзамдаштыруудан эки апта өтө элек... жетер жерине жетти", — деп жазган Захарова өзүнүн Telegram каналына.
Дипломат өспүрүм 14 жашка чыккандан кийин жынысын алмаштыруу үчүн ата-энесинин макулдугу керек болбой турганына басым жасаган.
"Эмнеге жылына бир эле жолу" деп сурабайсыңарбы. Тандаганга мүмкүнчүлүк берген эркиндикти эмнеге катып отуруш керек дейм да. Эгерде жаңы гендер камдашып кете элек болсо, анда көбүрөөк жасаганга мүмкүнчүлүк жаралса керек", — деп кошумчалаган Захарова.
"Өкүнөм". Жынысын алмаштырган АКШлык спецназчы жоокердин ыймандай сыры