16-апрелге карата аба ырайы

16-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. 16-апрель, шейшембиде, республика боюнча жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас, Нарын өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад аймактарында +15...+20, Баткенде +14...+19 жана Ысык-Көл облусунда +11...+16 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +14...+16, Ош шаарында +16...+18 градус жылуу болот.
Радио
Кыргызстанда табигый кырсыктын кооптуулугу күч аймакта 3 800 үй-бүлө жашайт