80ден ашык өлкөнү көргөн Гүлзана. Стюардесса кесибинин күнгөй-тескейин ачат

Sputnik
Стюардесса болууну бала кезинде кимдер гана кыялданбайт. Келбеттүү кыздардын, жарашыктуу костюм кийип алып, илбериңки сүйлөп учак бортунда тейлеп жүргөнү өзгөчө өспүрүм куракта жомокторго жетелейт эмеспи. Мына ушундай кыялдарын ишке ашырган мекендештерибиздин бири Гүлзана Назаркулова өзүнүн ары түйшүктүү, ары кызыктуу кесиби тууралуу маек куруп берди.