Четте калбаӊыз! Мэрия элди көчөт отургузууга чакырып, дарактардын түрүн сунуштады

Sputnik
Жыл сайын Бишкек шаарында жаздын келиши менен түрдүү бак-дарактар отургузулат. Бул жылы да калаа бийлиги калкты көчөт отургузууга активдүү катышууга чакырды. Бак-дарактын түрүн сунуштап, отургузула турган айтмактарды да атады. Бирок, маселе башкада. Ошол отургузулган көчөттөрдү багуу, кароо маселеси канчалык деңгээлде колго алынууда. Куурап калган көчөттөргө ким жооптуу? Шаар бийлиги ушул маселелерди чечүү үчүн кандай иштерди аткарып жаткандыгын айтып берди.