Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов кармалганы айтылууда

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте вице-мэр Максатбек Сазыкулов кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине маалымат булак билдирди.
Аткаминер бүгүн УКМКнын кызматкерлери тарабынан колго түшкөн. Эмне үчүн экени азырынча белгисиз.
Sputnik бул боюнча расмий маалымат алууга аракет кылууда.
УКМК: пара менен кармалган милициянын капитаны майдын соңуна чейин камакта болот