Тээп, жулкулдатып... Бишкекте окуучуну сабады деген киши кармалды

Окуя болгон күнү милицияга токмок жеген баланын апасы кайрылып, уулуна ата-энелердин бири кол көтөргөнүн айтып арыз жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектеги мектептердин биринде 8 жаштагы окуучуну сабаган деп 34 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин социалдык тармакта эркек кишинин окуучуну сабаган видеосу тараган. Анда залда тизелеп отурган баланы ары жактан басып келе жаткан киши ичке тээп, коркутуп, полго түрткөнүн көрүүгө болот.
Ленин РИИБи окуя 12-апрелде Чыңгыз Айтматов проспектиндеги мектептердин биринде болгонун кабарлады. Ошол эле күнү милицияга токмок жеген 8 жаштагы баланын апасы кайрылып, уулуна ата-энелердин бири кол көтөргөнүн айтып арыз жазган.
Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча иш козголуп, 34 жаштагы шектүү кармалган. Учурда ал убактылуу кармоо жайына киргизилгени, тергөө жүрүп жатканы айтылды.
Майлуу-Суу: окуучудан кургак учук чыкканын убагында айтпаган медикке айып салынды