Министрлик Нарында өнөр жайда колдонулчу кара куурай өстүрүүнү сунуштоодо

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги аймактарда айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыкканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Нарын облусуна өнөр жайда колдонуулуучу кара куурай айдаса болору белгиленди. Ошондой эле бул аймактын дыйкандарына алма, алмурут, өрүк, карагат, кулпунай жана чычырканактын тикенексиз сортторун өстүрүү сунушталат.
Ал эми жапайы кара куурай жакшы өскөн Ысык-Көлгө Айыл чарба министрлиги мөмө-жемиш бактарын, карагат, малина, кулпунай отургузууну сунуштоодо.
Өнөр жай кара куурайы фармацевтикада, текстиль жана эмерек өнөр жайларында, космостук кемелер жана учактар үчүн көмүртек буласын өндүрүүдө, тамак-аш азыктарын жана табигый косметиканы жасоодо колдонулат.
Аймактарда өстүрүүгө сунушталган мөмө-жемиштин түрлөрү. Багбандарга кеңеш