Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Рада депутаты: мобилизация жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы Зеленскийге өкүм болот

Эл өкүлү кесиптештерин Зеленскийдин командасынын тапшырмасы менен эле мыйзамдарды кабыл ала бербөөгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Мобилизация боюнча мыйзам долбооруна добуш бергенден кийин украин эли президент менен парламентке өкүм чыгарат. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Дмитрий Разумков билдиргенин РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, эл өкүлү кесиптештерин Зеленскийдин командасынын тапшырмасы менен эле мыйзамдарды кабыл ала бербөөгө чакырган.
"Мобилизация боюнча мыйзам долбооруна добуш бергенден кийин украин эли президент менен парламентке өкүм чыгарат. Анткени элдин жашоосу оюн эмес. Алардын тагдыры менен ойногон болбойт", — деген ал.
Ал Раданын Улуттук коопсуздук, коргоо жана чалгындоо комитети Зеленскийдин адамдары аны бузганга чейин бул документ үчүн көп иштерди жасаганын белгилеген. Ал кесиптештерин элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө чакырган.
Бейшембиде Жогорку Рада Украинада мобилизацияны күчөтүү боюнча мыйзам кабыл алган. Бир күн мурда документтин текстинен демобилизациялоо жөнүндөгү пункт алып салынган. Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Дмитрий Лазуткин кийинчерээк демобилизация боюнча өзүнчө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу пландалып жатканын, бул үчүн сегиз ай убакыт берилгенин билдирди.
Украинада 2022-жылдын 24-февралынан тарта аскердик абал режими киргизилип, анын эртеси Владимир Зеленский жалпы мобилизация жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, аскердик абал учурунда 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мобилизациядан качып... Агымы катуу дарыядан өткөн кишинин видеосу