Кыргызстандан 105 млн. доллардан ашык акча которулган. Эки айдын көрсөткүчү

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бул жылдын январь-февралында Кыргызстандан 105 миллион 830 миң доллар которулганын Улуттук банктын маалыматтарынан көрүүгө болот.
Кеп жеке жактардын акча которуу системасы, банктык мобилдик тиркемелер (банк карталары), электрондук капчыктар аркылуу жөнөткөн акча тууралуу жүрүп жатат.
Бул былтыркы жылдын алгачкы эки айына салыштырганда миллион долларга аз.
Маанилүү жагдай, бул жерден тышка которулганга караганда, Кыргызстанга дагы деле сырттан көп акча жөнөтүлөт. Быйылкы жылдын эки айында 464,6 миллион доллар келген, анын арбыны Россиядан которулган.
2 айда Кыргызстанга 464 миллион доллар которулду