БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 14-апрелге караган түнү Иран Израилге абадан сокку жасаганын РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, Иран Израилдин Дамаск шаарындагы консулдугуна жасаган соккусуна жооп иретиндеги ири чабуулун аяктады. Абадан чабуул 14-апрелге караган түнү башталып, беш саатка созулган.
Кырдаал боюнча урунттуу учурлар:
The New York Times басылмасынын маалыматы боюнча, Иран Израилди көздөй 185 дрон, 146 ракета учурган;
Ирандын БУУдагы миссиясы кол салуу уюмдун уставынын 51-беренесине ("Өзүн-өзү коргоо укугу") таянып жасалганын айтып, буга чейин Израилдин дипломатиялык объектилерге жасаган агрессиясына жооп болгонун билдирди;
Байден Израиль АКШнын жардамы менен Ирандын дээрлик бардык ракеталары менен дрондорун атып түшүргөнүн айткан;
алдын ала божомол боюнча, Израилге келтирилген зыян соккунун масштабын эске алганда "салыштырмалуу аз";
БУУнун Коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйыны 14-апрелге пландалган. Байден Ирандын чабуулуна жооп кайтаруу үчүн бүгүн G7 союздаштары менен кеңешме өткөрөрү айтылды;
БУУнун башкы катчысы дүйнө дагы бир согушту көтөрө албастыгын эскертип, кырдаалды курчутпоого чакырган;
Иран Тегерандын максаты кырдаалды курчутуу эмес экенин айтып, бирок Израиль аскердик агрессия көрсөтө турган болсо, жообу мындан да катуу болорун эскерткен.
Эске салсак, Сириядагы Ирандын консулдугуна Израиль ракеталык чабуул жасаган. Натыйжада ирандык генералдар, офицерлер жана сириялык, ливандык жарандар каза болгон.