Министрлик: үч айда өндүрүштө жабыркагандарга 12 млн. сомдон ашык акча төлөндү

Былтыркыга салыштырмалуу эмгекти коргоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопко тартылгандардын көбөйгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жыл башынан бери өндүрүштө жабыркагандарга 12 миллион сомдон ашык акча төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын I кварталында Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы иш учурундагы 38 кырсыкты иликтеп, жабыр тарткандарга жана алардын үй-бүлөсүнө 12 миллион 101 миң 429 сом өндүрүп берген.
"Былтыркыга салыштырмалуу эмгекти коргоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылгандардын саны өсүп, айып пулдун суммасы 777,5 миң сомдон ашкан. Бул убакыттын ичинде эмгек инспекторлору эксперт, консультант, үчүнчү жак жана жоопкер катары 20 соттук отурумга катышкан", — деп айтылат маалыматта.
Аталган кызмат тарабынан 2024-жылдын I кварталында жеке жана юридикалык жактарга 1 352 акысыз консультация берилген.
Иш учурунда кырсыктаган бардык кызматкерге компенсация төлөнүшү керек. Маек