16-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот. Даректер

Суу саат 9:00дөн 22:00гө чейин өчүрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 16-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде таза суу жок болорун мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Саат 9:00дөн 22:00гө чейин суу өчө турган жерлер:
Алыкулов көчөсү — Чоң Чүй каналы — Ала-Арча суусу — Лев Толстой көчөсү;
Юбилейная көчөсү — Горький көчөсү (Пригородное айылы) — Садовая көчөсү (Пригородное айылы) — Чоң Чүй каналы;
Аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер, 110-кичи район, Достук конушу.
Мэрия "Батыш" суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрөрүн билдирди. Шаар тургундарынан ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурап, иче турган сууну камдап алууну эскертти.
Бишкек мэриясы электрик жана айдоочуларды ишке чакырууда