Бүгүн Азия чемпионатында беш балбан кыз килемге чыгат

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатынын экинчи күнү өтүп жатат.
Бүгүн беш кыргызстандык кыз баш байге үчүн ат салышат.
Тыныбекова 62 кг салмакта күч сынашса, Сезим Жуманазарова 57 кг, Дилназ Сазанова 65 кг, Нурзат Нуртаева 72 кг, Айжан Сабырбек кызы 53 кг салмакта күрөшмөкчү.
Кечээки мелдеште Айпери Медет кызы (76 кг) алтын алса, Арууке Кадырбек кызы (55 кг) жана Гүлнура Таштанбекова (68 кг) коло утушкан.
Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатынан алтын утту