Радио

Быйыл социалдык келишим менен 23 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Наргиза Туркебекова быйыл "Социалдык келишим" долбооруна өкмөт жана Дүйнөлүк банк тарабынан каражат бөлүнгөнүн айтты.
Sputnik
Быйыл аз камсыз жана жакыр жашаган 23 миң үй-бүлө менен социалдык келишим түзүү пландалууда. Бул тууралуу Наргиза Туркебекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Социалдык келишим" долбооруна "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз үй-бүлөлөр жана жакыр жашаган жарандар категориясына кирген адамдар катыша алат.
"Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Бул иштер үчүн мамлекеттик бюджеттен эки миллиард сом бөлүнгөн. Ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан кошумча 3000 үй-бүлөгө каражат берилет. Бир жарым жылдын ичинде "Социалдык келишим" программасына катышуу үчүн 14 985 арыз берилсе, анын ичинен 12 800 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бүгүнкү күндө дээрлик 13 миң бизнес-долбоордун ичинен 17 адам гана катуу оорудан жана башка форс-мажордук жагдайлардан улам долбоорду аягына чыгара алган жок. Программанын 12 800 катышуучусунун 95,8 пайызын айыл жеринде жашаган аялдар түзөт. Социалдык контракт алгандардын бизнес-пландарынын багыттары ар түрдүү. Анын 71 пайызы айыл чарба тармагына (68 пайызы мал чарбачылыгы, калгандары өсүмдүк өстүрүү, аарычылык, күнөскана, канаттуулар чарбасы) жумшалды. Биздин жардамыбыз менен бизнес түптөп алгандар ишин андан ары улоо үчүн мамлекеттик банктардан пайызсыз насыя ала алат", — деди Туркебекова.
Ал долбоордун катышуучусу болгон жакыр үй-бүлөлөр үч ай бою "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун ала аларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, "Социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аяр катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет.