Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова алтынчы ирет Азия чемпиону болду

Финалда Тыныбекованын атаандашы япониялык Сакура Мотоки болду.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова алтынчы ирет Азия чемпиону болду.
Ал 14-апрель күнкү турнирде 62 килограмм салмак ченинде күч сынашып, чейрек финалдан баштаган. Тыныбекова алгач Кореядан келген спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, андан кийин монголиялык спортчуну да мөөнөтүнөн мурда утуп алган.
Финалда Тыныбекованын атаандашы япониялык Сакура Мотоки болду. Спортчулар 2023-жылы Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында күч сынашып, кыргызстандык балбан жеңишке жеткен.
Бишкектеги турнирдин финалдык бөлүгү да кызуу жүрдү. Тыныбекова 9:6 эсебинде жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.
Айпери Медет кызы Бишкектеги Азия чемпиондугунда алтын медаль утту