15-апрелге карата аба ырайы

15-апрелге караган түнү ала булут каптап турат. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 15-апрель, дүйшөмбүдө, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +17...+22, Талас аймагында +15...+20, Баткенде +16...+21, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +14...+19 градус жылуу болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, Бишкекте +19...+21, Ошто +20...+22 градус жылуу болору болжолдонду.
Жаан-чачындуу болот. Алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу