Эки айда Кыргызстандан 105 млн. доллардан ашык акча которулганСиднейде белгисиз киши 5 адамдын омурун алдыДепутаттыкка талапкерлер шайлоочулар менен жолугушат алдыда кененирээк15-апрелден тарта №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуулары өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Жолугушууларды шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өткөрөт. БШКнын маалыматына караганда, Баткен округунан 10 талапкер, Ош округунан 14, Кара-Суу шайлоо округунан 11 талапкер бар. 28-апрелде өтө турган мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган шайлоочулардын тизмеси бекитилген, ага 350 миңге жакын шайлоочу катталган, тизме 198 тилкеге илинген.
Бул жылдын январь-февралында Кыргызстандан 105 миллион 830 миң доллар которулганын Улуттук банктын маалыматтарынан көрүүгө болот. Кеп жеке жактардын акча которуу системасы, банктык мобилдик тиркемелер электрондук капчыктар аркылуу жөнөткөн акча тууралуу жүрүп жатат. Бул былтыркы жылдын алгачкы эки айына салыштырганда миллион долларга аз. Маанилүү жагдай, бул жерден тышка которулганга караганда, Кыргызстанга дагы деле сырттан көп акча жөнөтүлөт. Быйылкы жылдын эки айында 464,6 миллион доллар келген, анын арбыны Россиядан которулган.
Жыл башынан бери өндүрүштө жабыркагандарга 12 миллион сомдон ашык акча төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул жылдын I кварталында Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы иш учурундагы 38 кырсыкты иликтеп, жабыр тарткандарга жана алардын үй-бүлөсүнө 12 миллион 101 миң 429 сом өндүрүп берген. "Былтыркыга салыштырмалуу эмгекти коргоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылгандардын саны өсүп, айып пулдун суммасы 777,5 миң сомдон ашкан. Бул убакыттын ичинде эмгек инспекторлору эксперт, консультант, үчүнчү жак жана жоопкер катары 20 соттук отурумга катышкан", — деп айтылат маалыматта. Аталган кызмат тарабынан 2024-жылдын I кварталында жеке жана юридикалык жактарга 1 352 акысыз консультация берилген.
16-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде таза суу жок болорун мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Саат 9:00дөн 22:00гө чейин суу өчө турган жерлер: Алыкулов көчөсү — Чоң Чүй каналы — Ала-Арча суусу — Лев Толстой көчөсү; Юбилейная көчөсү — Горький көчөсү — Садовая көчөсү — Чоң Чүй каналы; Аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер, 110-кичи район, Достук конушу. Мэрия "Батыш" суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрөрүн билдирди.
Сиднейдеги (Австралия) соода борбордо белгисиз киши ошол жерде жүргөндөргө бычак уруп, анын кесепетинен беш киши каза болгонун жергиликтуу басылмага щилтеме шилтеме кылып РИА Новости билдирди.Мындан сырткары бир нече киши жаракат алган. Полиция кол салган адам жалгыз болгонун жана жок кылынганын билдирди. Окуяга күбө болгондордун айтымында, имараттын ичинде атышуулар угулган. Алдын ала берилген маалыматтарда көз жумгандардын арасында 10 айлык наристеси бар аялдын болгону айтылууда. ЖМКлар ал кишинин ким экендиги жана эмне үчүн мындай кылмышка барганы азырынча тактала электигин жазышты.