Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өттү

Кыргыз-тажик чек арасынын калган тилкелеринде биргелешкен изилдөөлөр жүргүзүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны болгонун министрлер кабинетинен кабарлашты.
Жолугушуу 7-апрелден 13-апрелге чейин Тажикстандын Бустон шаарында болгон. Анда чек аранын калган тилкелериндеги талааларда биргелешкен изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Кийинки жолугушуу Кыргызстанда өтүп, аймактарды тактоо улантылмакчы.
Маалымат кызматынан жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өткөнүн кошумчалашты.
Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 28 чакырымы макулдашылды