КМШнын ТИМ башчыларынын жолугушуусундагы Кыргызстандын сунушу

Жолугушууда кызыкчылык жараткан маселелер боюнча ишенимдүү пикир алмашууну улантуу белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жээнбек Кулубаев КМШга мүчө мамлекеттердин Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Россиянын ТИМ башчыларынын VII жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
1 / 2

Жээнбек Кулубаев КМШга мүчө мамлекеттердин Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Россиянын ТИМ башчыларынын VII жолугушуусуна катышты

2 / 2

Анда министр Кулубаев экономика, соода, энергетика, логистика, экология жана маданият тармактарында, ошондой эле аймактык коопсуздук жаатында кызматташууну мындан ары бекемдөө зарылдыгын белгилеген

Иш-чара 12-апрелде Минск шаарында өткөн. Анда министр Кулубаев экономика, соода, энергетика, логистика, экология жана маданият тармактарында, ошондой эле аймактык коопсуздук жаатында кызматташууну мындан ары бекемдөө зарылдыгын белгилеген.
Учурдагы түйшөлткөн көйгөйлөр жана коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттерди консолидациялоону Кыргызстан да жактаарын айткан.
"Тараптар соода жана жүк ташуунун өнүгүүсүнө тоскоол болгон айрым чектөөлөр жана жаралган бөгөттөргө өзгөчө көңүл бурду", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын соңунда ТИМ башчылары өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча ишенимдүү пикир алмашууну туруктуу негизде улантууга кызыкдарлыгын ырасташкан.
Сергей Лавров: АКШ Борбор Азияга кирүүгө аракет кылууда