Ветеринардык кызмат үй жандыктарын эмдөөдөн өткөрүү зарылдыгын эскертти

Веткызмат жолбун иттерди жок кылуу аракеттерин көрүп жатканын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Үй жандыктары жугуштуу ооруга чалдыкса же күмөнсүү жаралса дароо Ветеринардык кызматтын райондук, шаардык башкармалыктарына же жеке ветеринар адистерине кайрылуу зарыл. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Веткызмат жаз келип күн жылыган сайын жапайы жаныбарлардын (ит, куш, карышкыр, чөө) мал-жандыкка кол салуусу күч аларын эскертет. Мындан улам жаныбарлардан адамдарга жугуучу оорулар да көбөйө баштайт.
"Ар бир ылаңдын этиологиясына жараша диагностикалык жана профилактикалык эмдөө иштери жүрүп жатат. Эгер жапайы жаныбарлардын, жолбун иттердин мал-жандыкты тиштеп, кол салган учурлары болсо веткызматкерлерге кабарлоону өтүнөбүз. Кайдыгер болбоңуз", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жолбун иттерди жок кылуу үчүн Веткызмат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иштеп жатканы айтылды.
Радио
Веткызмат I кварталда азык-түлүктүн 25 үлгүсүнөн антибиотик аныктады