Радио

Тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча стратегиялык документ жок

Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков Кыргызстанда кен казууда приоритеттүү гана кенди алууга басым жасалышы керектигин айтты.
Sputnik
Кыргызстандын аймагы кен байлыктарга бай. Бирок анын баарын эле каза бербей колдонуунун атайын программасын же стратегиялык документти иштеп чыгуу керектигин Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнөлүк рынокто полиметалл, сейрек кездешүүчү металлдарга талап жогору болгондуктан, аларды иштетүүнүн жолдорун да карап көрүү керек.
"Кыргызстандын аймагы кен байлыктарга бай. Бирок анын баарын эле каза бербей колдонуунун атайын программасын же стратегиялык документти иштеп чыгуу керек. Тилекке каршы, бизде андай кагаз жок. Кен казууда артыкчылыктуусуна басым жасалышы шарт. Ага жараша кендин техникалык экономикалык негиздемесин түзүп, инвесторлорго сунуштоого мүмкүн болот эле. Алар да ошол документтин негизинде эрежелерди сактоо менен иш алып бармак. Буга чейин тоо-кен тармагын өнүктүрүү жана туура пайдалануу боюнча программа түзүлүп баштаган бирок аягына чыкпай калды. Мындан тышкары, дүйнөлүк рынокто полиметалл, сейрек кездешүүчү металлдарга талап жогору болгондуктан, аларды иштетүүнүн жолдорун да карап көрүү керек. Албетте, геология абдан татаал тармак болгондуктан бардык аспектилерди эске алып иш кылуу керек", — деди Камчыбеков.
Ошондой эле адис тоо кен тармагынын өлкө экономикасындагы орду чоң болгону менен учурда экология маселесине да дыкат көңүл буруу керектигин кошумчалады.