УКМК: пара менен кармалган милициянын капитаны майдын соңуна чейин камакта болот

Кармалган шектүүнүн автоунаасынын кыймылдаткыч жактагы бөлүгүнөн чүпүрөккө оролгон, пара катары берилген 40 миң сом табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ноокат райондук (Ош облусу) ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны пара алып жаткан жеринен кармалып, соттун чечими менен 27-майга чейин тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Атайын кызмат жабырлануучу тосмо арыз жазып, айыптоодон баш тартканына карабастан бейбаштык боюнча кылмыш ишти токтотуу үчүн милиция өкүлү 100 000 сом пара талап кылганын билдирди.
"Окуя болгон жерди карап, тинткенде кармалган жарандын автоунаасынын кыймылдаткыч жактагы бөлүгүнөн пара катары арыз ээси берген, чүпүрөккө оролгон 40 миң сом табылган", — деп айтылган маалыматта.
Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара талап кылуу") менен кылмыш иш козголгонун билдиришти. Ал Ош шаардык сотунун чечими менен 2024-жылдын 27-майына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда кылмыш иштин алкагында тергөө уланууда.
Ташиев УКМК кызматкери коррупцияга айыпталып кармалганын билдирди