Садыр Жапаров Илимдер академиясына жана Ботаника багына барды. Сүрөт

Мамлекеттин башчысы илимий ишмерлердин көңүлүн мамлекетке, коомго пайда келтирүүчү илимий ачылыштарды жасоого шарттарды түзгөн реформаларды жүргүзүү зарылдыгы айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Илимдер академиясындагы окумуштууларды экономиканы өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3

Мамлекет башчы бүгүн, 13-апрелде, Улуттук илимдер академиясына барып, кызматкерлердин иш шарттары менен таанышып, илимий ишмерлер, жетекчилиги менен сүйлөшкөн

2 / 3

Баарлашуу учурунда Жапаров илимпоздорду илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жаңы технологияларды жана инновацияларды иштеп чыгуу, ошондой эле өлкөнүн алдында турган түрдүү маселелер боюнча эксперттик кеп-кеңештерди берүү аркылуу экономика тармактарын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырды

3 / 3

Илимий ишмерлердин көңүлүн мамлекетке жана коомго пайда алып келе турган илимий ачылыштарды жасоого шарттарды түзүү үчүн реформаларды жүргүзүү зарылдыгына бурду

Мамлекет башчы бүгүн, 13-апрелде, Улуттук илимдер академиясына барып, кызматкерлердин иш шарттары менен таанышып, илимий ишмерлер, жетекчилиги менен сүйлөшкөн.
"Баарлашуу учурунда Жапаров илимпоздорду илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жаңы технологияларды жана инновацияларды иштеп чыгуу, ошондой эле өлкөнүн алдында турган түрдүү маселелер боюнча эксперттик кеп-кеңештерди берүү аркылуу экономика тармактарын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырды. Илимий ишмерлердин көңүлүн мамлекетке жана коомго пайда алып келе турган илимий ачылыштарды жасоого шарттарды түзүү үчүн реформаларды жүргүзүү зарылдыгына бурду", — деп жазылган маалыматта.
1 / 2

Ошондой эле Жапаров Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, аймакты көрктөндүрүү жана реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышкан

2 / 2

Президент буга чейин жергиликтүү бийлик бул маселелерге жетиштүү көңүл бурбай келгенин, бирок учурда шаар мэрлери жана райондордун акимдери коомдук жайларды жакшыртуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүгө тийиш экенин айткан

Ошондой эле Жапаров Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, аймакты көрктөндүрүү жана реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышкан. Президент буга чейин жергиликтүү бийлик бул маселелерге жетиштүү көңүл бурбай келгенин, бирок учурда шаар мэрлери жана райондордун акимдери коомдук жайларды жакшыртуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүгө тийиш экенин айткан.
Президент Жапаров учурда Улуттук банкта канча алтын бар экенин айтты