КРдин Москвадагы элчилигинин кеңешчисинин бүлөсү боюнча чырга РФ ТИМ, ИИМи үн катты

РФ ИИМинен полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу арызга байланыштуу учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчисинин үй-бүлөсү боюнча чатакка Россия ТИМинен комментарий беришти.
Буга чейин Telegram каналдар 8-апрелде РФ ИИМинин эки кызматкери Кыргызстандын Москвадагы элчисинин кеңешчиси Манас Жолдошбеков турган жерге Россияда мыйзамдуу жашап жатканын текшерүү үчүн келгенин билдиришкен. Алар күч түзүмүнүн өкүлдөрү дипломаттын батирине эшиктин кулпусун талкалап кирип, жубайына залал келтиргенин жазышкан.
12-апрелде Кыргызстандын ТИМи Роcсиянын элчилигинин өкүлү менен сүйлөшкөн. Анда Вена конвенциясынын жобосун бузган РФтин ички иштер органынын кызматкерлеринин жасагандары жол берилгис экени айтылган. Бул окуя тыкыр иликтелип, жакын арада күнөөлүүлөр жоопко тартылыш керектиги белгиленген.
Бүгүн РФ ИИМинин өкүлү Ирина Волк 8-апрелде полиция көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда профилактикалык иштерди жүргүзгөнүн билдирген. Андагы батирлердин биринде жашаган аял документтерин көрсөткөн эмес, бирок элчиликтин кызматкеринин жубайы экенин айткан. Волктун айтымында, полиция батирге кирген эмес, жашоочуларды коркутуп-үркүткөн эмес. Аймактык полициянын кызматкерлери аталган даректе дипломатия кызматкеринин үй-бүлөсү жашарынан кабарсыз болгон.
"Полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу арыз түшкөндүгүнө байланыштуу учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн кызматтык иликтөө жүрүүдө", — деген ИИМ өкүлү.
Бул жагдай боюнча Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова да комментарий жасаган.
"Биздин өлкө Вена конвенциясын урматтаарын жана анын дипломатиялык статуска кол тийбестикти сактарын дагы бир ирет ырастайбыз. ИИМдеги кесиптешибиз билдиргендей иликтөө иштеринин жүрүп жатканы айтылгандарды толуктап турат", — деп жазган ал.
Россия президентин шайлоо
Көп улуттуу өлкөнүн эли бир үй-бүлөдөй. Путиндин шайлоодон кийинки кайрылуусу