УКМК: Бишкекте 2,5 миң доллар пара талап кылган автоинспектор кармалды. Видео

Шектүүнүн буга чейин ушундай шылтоо менен дагы бир жарандан 500 доллар алганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясынын кызматкери опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал айдоочулук күбөлүгүн кайтарып, автоунаасын айып короодон чыгарып берүү үчүн 2,5 миң доллар талап кылган.

"12-апрелде ИИМдин ички чалгындоо кызматы менен биргеликте опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери Э.Н.А. кармалды", — деп айтылат маалыматта.

1 / 3

Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция кызматкери опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

2 / 3

Маалыматка ылайык, ал айдоочулук күбөлүгүн кайтарып, автоунаасын айып короодон чыгарып берүү үчүн 2,5 миң доллар талап кылган

3 / 3

Ошондой эле шектүү буга чейин ушундай шылтоо менен дагы бир жарандан 500 доллар алганы айтылды

Ошондой эле шектүүнүн буга чейин ушундай шылтоо менен дагы бир жарандан 500 доллар алганы айтылды. Кармалган кызматкер Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин айтышты.
Ташиев УКМК кызматкери коррупцияга айыпталып кармалганын билдирди