"Эскерүү багы" менен Кара-Балтада 500 түп көчөт отургузулду. Сүрөт

Кара-Балта калаасынын мэри бүгүнкү акция шаарды мындан ары да көрктөндүрүү жана экологияны сактоо иштери менен тыгыз байланышканына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 500 түп кайың, кара жыгач, терек — "эскерүү бактары" отургузулду.
Акцияга коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, "Жеңиштин ыктыярчылары" кыймылынын активисттери, кайдыгер карабаган адамдар катышкан.
1 / 7

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 500 түп кайың, кара жыгач, терек — "эскерүү бактары" отургузулду

2 / 7

Акцияга коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, "Жеңиштин ыктыярчылары" кыймылынын активисттери, кайдыгер карабаган адамдар катышкан

3 / 7

Көчөттөр отургузулган скверди мындан ары жашылдандырып, көрктөндүрүү пландары коюлду

4 / 7

Келечекте байтүп болуп шактай турган көчөттөргө Георгий тасмаларын байлашкан

5 / 7

Кара-Балта калаасынын мэри Мирлан Жекшенов бүгүнкү акция шаарды мындан ары да көрктөндүрүү жана экологияны сактоо иштери менен тыгыз байланышканына токтолгон

6 / 7

"Русский мир" кыймылынын өкүлү Севда бул акция менен улуу муундардын, чоң ата, чоң энелердин жаркын элесин сактап калуу аракети көрүлүп жатканына токтолгон

7 / 7

"Эскерүү багы" — Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арнап дүйнө жүзүнө 27 миллион бак отургузуу камтылган эл аралык акция

Көчөттөр отургузулган скверди мындан ары жашылдандырып, көрктөндүрүү пландары коюлду. Келечекте байтүп болуп шактай турган көчөттөргө Георгий тасмаларын байлашкан.
Кара-Балта калаасынын мэри Мирлан Жекшенов бүгүнкү акция шаарды мындан ары да көрктөндүрүү жана экологияны сактоо иштери менен тыгыз байланышканына токтолгон.

"Быйыл шаарыбызды өнүктүрүү боюнча комплекстүү долбоорлорду ишке ашыралы деп турабыз. Анын ичинде парк аймактарын кайра калыбына келтирүү милдети да турат. Бул — экологиялык коопсуздук жаатында өтө маанилүү иш. Бүгүнкү акция жогорудагы темага тыгыз байланышкан. Скверди реконструкциялап, көрктөндүрмөкчүбүз", — деген Жекшенов.

"Жеңиштин ыктыярчылары" кыймылынын куратору Анастасия Шевченко бүгүнкү акция Жайыл району менен аталган шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналганын айтты.
"Отургузулган ар бир дарак — тирүү эстелик. Бул жакка жакындарыңар менен келип, көчөттөргө суу куюп, бабаларыбыздын эрдигин эскерип турасыңар деп ишенебиз", — деген ал "Эскерүү багынын" ачылышында сүйлөп жатып.
"Русский мир" кыймылынын өкүлү Севда бул акция менен улуу муундардын, чоң ата, чоң энелердин жаркын элесин сактап калуу аракети көрүлүп жатканына токтолгон.

"Бул жакшынакай жана өтө маанилүү акцияга биринчи ирет катышып жатам. Шаарыбыздын тазалыгына, сулуулугуна кам көрүү менен кошо эле чоң ата, чоң энелердин жаркын элесин сактап калабыз. Согуш жылдарын эстеп калуу канчалык маанилүү экендигин көрсөткүбүз келди. Улуу Ата Мекендик согушту эстей жүрүү — үй-бүлөңдүн тарыхын унутпоо. Тарыхсыз келечек жок", — деген Севда.

"Эскерүү багы" — Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арнап дүйнө жүзүнө 27 миллион бак отургузуу демилгеленген эл аралык акция.
Жалал-Абадда "эскерүү бактары" отургузулду