Сиднейде белгисиз киши бычак менен кол салып, беш адам көз жумду. Видео

Кол салган киши полиция тарабынан жок кылынып, ким экендиги такталып жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Сиднейдеги (Австралия) соода борборунда белгисиз киши ошол жерде жүргөндөргө бычак уруп, анын кесепетинен беш киши каза болгонун Sydney Morning Herald гезитине шилтеме кылып РИА Новости билдирди.
Мындан сырткары, бир нече киши жаракат алган. Полиция кол салган адам жалгыз болгонун жана жок кылынганын билдирди.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, имараттын ичинде атышуулар угулган. Алдын ала берилген маалыматтарда көз жумгандардын арасында 10 айлык наристеси бар аялдын болгону айтылууда.
ЖМКлар ал кишинин ким экендиги жана эмне үчүн мындай кылмышка барганы азырынча тактала электигин жазышты.
Ысык-Көл милициясы сөөк ашканада 9 күн жаткан кылмыш боюнча тактоо киргизди