Радио

Өлкөдө быйыл 1 510 гектар аянтка көчөттөрдү отургузуу иштери жүрөт

Токой кызматынын токой экологиялык системаларын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Майрамбек Алиев "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында 800 гектардан ашык аянтка көчөт отургузулганын айтты.
Sputnik
Быйыл токой чарба ишканаларына 1 510 гектар аянтка ар кыл дарактарды тигүү тапшырмасы берилип, иштер уланып жатат. Бул тууралуу Майрамбек Алиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жылына 1100-1200 гектар жерге тиешелүү өсүмдүктөрдү отургузуу иштери жүргүзүлүшү керек.

"Быйыл токой чарба ишканаларына 1 510 гектар аянтка көчөттөрдү тигүү тапшырмасы берилип, иштер уланып жатат. "Жашыл мурас" улуттук кампаниясын алкагында 800 гектардан ашык аянтта өнөктүк активдүү ишке ашууда. Негизи өлкөдө жылына 1100-1200 гектар жерге тиешелүү өсүмдүктөрдү отургузуу иштери жүргүзүлүшү керек. Бул иш айыл чарбасындагы эгин себүүдөй эмес. Токойду сактоого, браконьерликке каршы иштерге баары салым кошушу керек", — деди Алиев.

Ошондой эле адис токой кызматкерлеринин айлыгы жогорулап, санариптештирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.